БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕСТ ТЫНЧТЫГЫ (1918) – Брест-Литовскиде (азыркы Брест) Советтик Россия менен Германия, Австрия-Венгрия, Болгария жана Түркиянын ортосунда 1918-жылы 3-мартта түзүлгөн тынчтык келишими. Келишимдин шарты боюнча Россия Европадагы аймактарынын жарымына жакынынан ажырап, Германияга Польша, Прибалтика, Белоруссия менен Закавказьенин бир бөлүгү кеткен жана 6 млрд марка контрибуция төлөнгөн. Советтик Россия бийликти сактап калуу максатында Брест тынчтыгын түзүүгө барган. Ал эми башында Л. Д. Троцкий жана Н. И. Бухарин турган «солчул коммунисттер» бул келишимдин шарттарына каршы чыгышкан. Ошондой эле позицияда турган солчул эсерлер да Москвада (1918, июль) Брест тынчтыгына карата нааразылык билдирип, куралдуу каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 1918-жылы 13-ноябрда Германия менен жарашууга кол коюлуп, Совет өкмөтү Брест тынчтыгы келишиминин чечимдерин жойгон.