БРЕСТ ЧЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:34, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕСТ ЧЕБИ – Брест шаарынын (Беларусь Республикасы) жанындагы баатыр чеп; Мухавецтин Буг дарыясына куя берген жеринде. Чеп 1833-жылы курула баштаган. 19-кылымдын 2-жарымында, 20-кылымдын башында бир нече ирет бекемделип, жаӊыртылган. 1-дүйнөлүк согушта (1914–18) өзүнчө курулган айрым бекинүү жайынан, форттордон турган бекем чепке айланган. 1919–39-жылдары чеп Польшанын карамагында болуп, 1939-жылы СССРге кайтарылган. Брест чеби Ата Мекендик согушта 28 сутка бою (1941-жылы 22-июнь – 20-июль) баатырдык коргонуусу менен даӊкы чыккан. Согуш башталган күнү мында 3,5 миӊ кишиден турган 42- жана 6-аткычтар дивизиясынын айрым бөлүктөрү менен чек арачылар өздөрүнөн алда канча көп душмандын соккусуна туруштук берген. Коргонууга майор П. М. Гаврилов, капитан И. Н. Зубачёв жана полк комиссары Е. М. Фомин жетекчилик кылган. Брест чебинин баатыр коргоочулары адам чыдагыс шарттарда (суусуз, тамаксыз, дары-дармексиз) согушуп, зор жоготууларга карабастан, бир ай бою душмандын бир дивизиясын токтотуп турушкан. Көбү баатырларча курман болгон, айрымдары партизандарга кошулган, алсырагандары жана оор жарадарлары гана туткунга түшкөн. Брест чебине 1965-жылы 8-майда «Баатыр чеп» деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени жана Алтын Жылдыз медалы м-н сыйланган.


Ад.: Смирнов С. С. Герои Брестской крепости. М., 1961.