БРИТАН МУЗЕЙИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИТА́Н МУЗЕЙИ – дүйнөдөгү ири музейлердин бири. 1753-жылы Лондондо негизделген, 1759-жылы ачылган (имараты 1823–47-жылдары курулган, арх. Р. Смёрк). Музейде алгачкы коом искусствосунун, байыркы Чыгыш жана антикалык маданият менен искусствонун, Европадагы жана Чыгыштагы орто кылым исккусство эстеликтери, Африканын, Американын, Океаниянын этнографиялык эстеликтери, ошондой эле гравюра, сүрөт, карапа, тыйын, медалдардын бай коллекциясы чогултулган.