БРОДСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:04, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРО́ДСКИЙ Исаак Израилевич [25. 12. 1883 (6. 1. 1884), Таврия губерниясы, Софиевка кыштагы – 14. 8. 1939, Ленинград] – орус живописчиси жана графиги, РСФСРдин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1932). Алгач Одесса көркөм сүрөт окуу жайында, 1902–08-жылдары Петербургдагы Көркөм сүрөт академиясында И. Е. Репинден окуган. 1905–07-жылдары бир нече саясий карикатураларды тарткан. Бродскийдин тарыхый-революциялык мүнөздөгү чыгармалары («Коминтерндин II конгрессинин салтанаттуу ачылышы», 1920–24; «Бакулук 26 комиссардын атылышы», 1925) бар. Анын «В. И. Ленин Кремлдин фонунда» (1924), «В. И. Ленин Смольныйда» (1930) портреттери, пейзаждары белгилүү. Ленин ордени менен сыйланган.

И. И. Бродский. «В. И. Ленин Смольныйдын фонунда».
1925. И. И. Бродскийдин үй-музейи (С.-Петербург).