БРОКЕР
БРО́КЕР (англ. broker) – фондулук‚ товардык‚ валюталык биржаларда ар түрдүү бүтүмдөрдү түзүүдөгү ортомчу. Брокер белгилүү бир тармактарга адистешет жа түзүлүүчү бүтүмдөр‚ акциялардын курсу тууралуу маалыматтарды жыйнайт. Брокерлер заказдарды кабыл алышат. Коомдук керектөөлөрдү иликтөө жана ал маалыматтарды биржанын борбордук офисине заказ түрүндө кабарлоо‚ заказчыларды издеп табуу‚ заказдарды кабыл алуу жана биржадагы клиенттерге эсептерди ачуу‚ акы төлөнүүчү кеӊеш берүү‚ комиссиялык жыйымдарды чогултуп‚ клиенттин эсебине которуу ж. б. алардын милдетине кирет. Брокер кирешелеринин булактары тиешелүү биржанын уставында же макулдашууларда каралган комиссиялык акыдан турат. Анын өлчөмү‚ эгер келишимде башкача каралбаса‚ бүтүм суммасынын 3–5%ин түзөт.