БРОНЕТРАНСПОРТЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 7 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНЕТРАНСПОРТЁР — брондолгон, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу (гусеницалуу) же дөӊгөлөктүү аскер машинасы. Бронетранспортёр мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн жана куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык жана химиялык куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Бронетранспортёрдун авиатранспортко жүктөөгө ыӊгайлуу жана сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу Бронетранспортёрдун эӊ жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөӊгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.