БРУНЕЙ
БРУНЕ́Й , Б р у н е й Д а р у с с а л а м м а м л е к е т и – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Калимантан (Борнео) аралынын түндүгүндө жайгашкан. Түндүгүн Түндүк-Кытай деӊизи чулгайт. Калган жактары өлкөнү экиге бөлүп турган Саравак штаты (Малайзия) менен чектешет. Аянты – 5,8 миӊ км2.

Калкы – 437,5 миӊ (2020). Борбору – Бандар-Сери-Бегаван шаары. Мамлекеттик тили – малайя тили. Акча бирдиги – бруней доллары. Административдиик-аймактык жактан 4 дистрикке бөлүнөт.
Бруней – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Конституциясы 29-сентябрда 1959-жылы күчүнө кирген. Башкаруу формасы – абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет башчысы – султан. Мыйзам чыгаруу бийлиги султандын декреттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Саясий партиялары: Бруней элинин көз каранды эместик фронту жана Бруней улуттук биримдик партиясы.
Таблица бар
Аймагынын басымдуу бөлүгү саздуу ойдуӊ, чыгыш жагы тоолуу (Брунейдин эӊ бийик жери – 1850 м, Букит-Пагон тоосу), батышы бийиктиги 300 м болгон адырлуу түздүк. Түштүк-Кытай деӊизинин жээги нефть менен жаратылыш газына бай. Климаты экватордук, ысык жана жыл бою нымдуу. Жылдык орточо темппературасы 27°С. Жаан-чачыны жээк тилкесинде 2500 ммден ички аймактарында 5000 ммге чейин. Тайфун көп болуп турат. Негизги дарыялары – Белайт, Тутонг, Пандаруан жана Тембуронг, кеме жүрөт, Түштүк Кытай деӊизине куят. Аймагынын 75%ин дайыма нымдуу экватордук токой ээлейт. Жалпы аянты 115,1 миӊ га болгон 10 коргоого алынган табыйгый аймагы бар, анын ичинде Улу-Тембуранг улуттук паркы уюштурулган.
Калкынын 87% – брунейликтер. Орточо жыштыгы – 1 км2 жерге 73 киши (2005). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 72,4, аялдарыныкы – 77,4 жаш. Шаар калкы 75%. Ири шаары – Бандар-Сери-Бегаван. Ислам (66%), буддизм (14%) жана христиан динин тутат.
Брунейдин байыркы тарыхы аз изилденген. 15-кылымда өлкөнүн биринчи султаны катары белгилүү болгон Брунейдин башкаруучусу Аванг Алак Бетатар өзүн Мухаммед I деп атап, бийлик жүргүзгөн. 16-кылымдын биринчи жарымында султандыктын өзгөчө гүлдөгөн учурунда, Брунейдин бийлиги Калимантандын түн. жээктерине

жана коӊшу аралдарга чейин жеткен. 1580-жылы Брунейди испан колониячылары каратып алат. Аларды кууп чыкканына карабастан, өлкөнүн абалы бир топ начарлап, анын бийлиги астында Түндүк Калимантан гана калган. 19-кылымдын баш ченинде Бруней деӊиз каракчыларынын борборуна жана кул сатуучу базарлардын бирине айланган. 1841-жылы англиялык авантюрист Ж. Брук Саравакты каратып алып, бара-бара Брунейдин жерлерин англичандар ээлей башташкан. 1847-жылы Улуу Британия Лабуан аралын басып алып, өз кызыкчылыктарын жактаган келишимди Брунейге таӊуулаган. 1877-жылы Түндүк

Калимантандын бир бөлүгүн (Сабах) Брунейдин султаны англиялык ишкер Дентке ижарага кармата берген. 1888-жылы Бруней британ протектораты болуп калган. Ал жерден нефть табылгандыгына байланыштуу 1906-жылы англиялык резидент дайындалган. 1941–45-жылдары Брунейди Япония басып алган. 1948–59-жылдары аны Саравактагы англиялык губернатор башкарган. 1956-жылы көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Элдик партия түзүлүп, 1962-жылы көз каранды эмес Түндүк Калимантан мамлекетин түзүү максатында көтөрүлүш чыгарган. Бирок, көтөрүлүш 1963-жылы англиялык аскерлер тарабынан басылып калган. 1983-жылга чейин Улуу Британиянын протектораты болгон. 1984-жылы Улуу Британия менен Брунейдин ортосунда султандыктын көз каранды эместиги тууралуу келишимге кол коюлган. 1992-жылы «малай ислам монархиясынын» («мелаю ислам берадна») концепциясы иштелип чыккан, ал боюнча өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи катары ислам мыйзамдары, башкаруунун монархиялык системасы жана малай маданиятынын баалуулуктары саналат. Өлкөдө шайлоо болбогондугуна карабастан, 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында расмий түрдө Бруней Улуттук Бириккен партиясы (БУБП) жана Улуттук өнүгүү партиясы (УӨП) түзүлгөн (Бруней улуттук партиясынын мурдагы лидерлеринин бири Яссин Аффанди тарабынан 2005-жылы негизделген). 2013–14-жылдары Бруней бийлиги бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын сынына кабылган шариат нормаларын өлкөнүн мыйзамдарына акырындык менен киргизе баштады.
Э к о н о м и к а с ы н ы н негизин нефть жана жаратылыш газын өндүрүү жана экспорттоо түзөт. ИДПдеги өнөр жай менен курулуштун үлүшү – 44%, айыл, токой жана балык чарбасы – 3%. Өнөр жайы тез темп менен өсүүдө. Түштүк Кытай деӊизинин жээгиндеги Серна аймагынан нефть казылып алынат. 2002-жылы 3,0 млрд кВт ·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасына жарактуу 7 миӊ га жерине шалы, саго пальмасы, каучук жана кокос өстүрүлөт. Буйвол, чочко, эчки асыралат. Нефть ажыратуу, жыгаччылык, кеме ремонттоочу өнөр жайы бар. Дарыяларында кеме жүрөт, ал негизги транспорт болуп эсептелет. Автомобиль жолунун узундугу 2,5 миӊ км, газ куурунун узундугу 665 км, нефтиники 439 км, ички суу жолунуку 209 км. Сыртка каучук, токой, нефть, суюлтулган газ чыгарылат. Сырттан оор машина, химия өнөр жай, айыл чарба, транспорт жабдууларын жана азык-түлүк алат. Негизги сырткы соода шериктери: Корея Республикасы, Япония, Сингапур, АКШ, Малайзия, Таиланд.

16-кылымда ислам маданиятын байыткан көркөм чыгармалар пайда боло баштаган. 17–20-кылымдарда европалык стилдеги эстеликтер маанилүү орунду ээлеген. Ал эми 20-кылымда эл аралык стилдеги имараттар курула баштаган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алтын, күмүш, металл ж. б. асыл таштардан түрдүү зер буюмдары жасалат. Сүрөт өнөрүндө байыркы үрп-адаттары чагылдырылган. 1972-жылы музыканы (академиялык) кеӊири жайылтуу үчүн атайын музыкалык коом түзүлгөн. Мамлекеттик жана менчик ЖОЖдор, ошондой эле компьютердик, музыкалык, спорттук окуу борборлору, музейлери (1965), кол өнөр
чүлүк борбору (1975), галереялар (1984), китепканалар бар. Массалык маалымат каражаттары мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган. «Борнео буллетин» жана «Медиа пермата» ж. б. көлөмдүү гезиттери чыгып турат. «Рейдио Телевижен Бруней» мамлекеттик телерадиокорпорациясы башкарган бир телекөрсөтүү каналы жана үч радиостанциясы, «Жабатан телеком» радиоуктуруусу боюнча өкмөттүк агентчилиги, ошондой эле «Кристал ФМ» менчик радиостанциясы, «Кристал Астро» кабелдик телеканалы иштейт.
Ад.: Тюрин В. А. История Малайзии. М., 1980; Бруней: История, экономика, политика. М., 1984; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000.
