БРУНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 8 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРУ́НО Жордано (өз аты Филиппо) (1548, Неаполго жакын жерде –17. 2. 1600, Рим) — италиялык философ, акын, астроном. Ал 1575-жылы монахтыктан баш тартат. Динчилер куугунтукка алганда, Италиядан качып, Францияда, Англияда, Германияда жашайт. Схоластикалык философияга, католиктер чиркөөсүнө каршы чыгармаларын жазат. 1592-жылы динчилер аны Венецияга алдап чакырып, кайрыдин болду деп айыптап, 8 жылга камакка алат. Ал өз ой-пикиринен танбагандыктан, инквизаторлор тарабынан өрттөлөт. Николай Кузанскийдин идеяларын жана Н. Коперниктин гелиоборбордук космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги жана дүйнөнүн сансыз көптүгү жөнүндөгү концепцияны киргизген. Ал гелиоборбордук теорияны андан ары өөрчүтүп, тирүү организмдер жашоочу Күн системасынан тышкары да Аалам бар деген маанилүү илимий божомол айткан; Аалам чексиз, бардык нерсе кыймылдап, тынымсыз өнүгүп, жерде да, асманда да жаратылыштын мыйзамдары бирдей эле аракеттенет деп эсептеген. Бруно илимдин таламын жактап, католиктер дининин позициясына жана догматтарына доо кетирген.