БРЮЛЛОВ
БРЮЛЛО́В Карл Павлович [12 (23). 12. 1799, Санкт-Петербург – 11 (23). 6. 1852, Римге жакын Марчано кыштагы, сөөгү Римге коюлган] – орус сүрөтчүсү. Сүрөт академиясында окуган (1809–21). 1823–35-жылдары Италияда иштеген. Петербург көркөм сүрөт академиясынын профессору (1836). Брюллов алгачкы чыгармаларында классицизмдин эстети-

Орус музейи. (С.-Петербург).
калык принциптеринен баш тартып, дүйнөнү реалисттик чагылдырууга умтулган («Италиядагы чак түш», 1828, Орус музейи. Санкт-Петербург; «Вирсавия», 1832, Третьяков галереясы). Негизги чыгармасы – «Помпейдин акыркы күнү» (1830–33). Орус живописинин тарыхына классикалык чыгарма катары кирген бул сүрөт Брюлловду ошол кездеги атактуу сүрөтчүлөрдүн катарына кошту. Жованни Пачининин (1832), В. А. Перовскийдин (1837) жана орус интеллигенциясынын Н. В. Кукольник (1836), И. А. Крылов (1839), А. Н. Струговщиков сыяктуу көп өкүлдөрүнүн портреттерин жараткан.
Ад.: Ракова М. М. Брюллов – портретист. М., 1956.