БРЮЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 8 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЮЛЬ – Германиядагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бирдик). Калкы 44,2 миӊ (2006). Рейн дарыясынын өрөөнүндө, Кёльн менен Бонн шаарларынын ортосунда жайгашкан. 1285-жылы шаар статусун алган. 1469-жылдан Кёльн курфюрлугунун борбору, 1597-жылдан жайкы резиденциясы. Чептин ордуна кооз салтанат тепкичтүү Аугустусбург сарайы курулган. 1740-жылы Франциялык кенен парк (Жирардын долбоору менен), англиялык парк (П. Ж. Лене) уюшулган; паркта Фалькенлуст (1729–40, Кювилье) аӊчылык замогу бар. Сарай жана аӊчылык замогу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Франциск монастырынын бир аз бөлүгү, Ыйык Мария чиркөөсү сакталган. Федерация финансы, коомдук башкаруу академиялары, европалык институт, музейлер бар. Металл иштетүү, кагаз өнөр жайы иштейт. Пиво кайнатылат. Жыл сайын «Брюль замок концерттери» музыкалык аптасы, өспүрүмдөрдүн теннис боюнча турнирлери, «Фантазия өлкөсү» парк аттракциону өткөрүлөт. Туризмдин борбору.