БРЯНСК
БРЯНСК – Россия Федерациясындагы шаар. Брянск облусунун административдик борбору. Десна дарыясынын боюнда жайгашкан. 1956-жылы Бежица шаары менен кошулган. Калкы 412,0 миӊ (2013). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү («Брянск автомобиль заводу», «Брянск машина куруу заводу», «Брянсксельмаш», «Арсенал» болот куюу заводдору), химия, жеӊил (анын ичинде камвол өндүрүш бирикмеси), тамак-аш ж. б. өнөр жайлары өнүккөн. Төрт ЖОЖ, 2 музейи, 3 театры бар. Археологиялык маалымат боюнча 10-кылымдын аягында пайда болгон; 1146-жылдан эскерилет. 1246-жылдан княздыктын борбору. 1356–1500-жылдары Литванын ээлиги. 19-кылымдан Брянск өнөр жайлуу аймактын борбору.