БУАКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 8 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́АКЕ́, Б в а к е – Кот-д’ Ивуар мамлекетинин борбордук бөлүгүндөгү шаар. Вале дю Бандама облусунун административдик борбору. Калкы 537,0 миӊ (2015); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Жолдор тоому. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. 1899-жылы француз форту катары негизделген. Университет, пахта илим-изилдөө жана Пьер Рише (1973; тропиктик медицинасы жаатында изилдөө жүргүзөт) институттары, токойчулук мектеби бар. Буаке – айыл чарбалуу аймактын соода борбору (кофе, какао, гозо, шалы, ямс, сизаль, тамеки ж. б.). Тамак-аш, текстиль, булгаары-бут кийим, тамеки, пахта тазалоочу, күрүч актоочу өнөр жайы, ЖЭС иштейт.