БУБАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 8 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУБАК – жаансыз ачык, шамалсыз тынч жана тумандуу суук мезгилде жер бетинде (дарактарда) пайда болгон кар кристаллдары. Ал шүүдүрүм жана кыроо сыяктуу эле жер бетинин жылуулугунун атмосферага тарашынан муздап, абанын төмөнкү катмарында суу буусунун сублимацияланышынан пайда болот. Бубак түшкөн учурда абанын температурасы 0–15°С болот.