БУГ БАТЫШ
БУГ БАТЫШ , Б а т ы ш Б у г – Польша, Украина, Беларуссия аркылуу аккан дарыя, Висланын оӊ куймасы. Узундугу 831 км, алабынын аянты 73,5 миӊ км2. Негизинен Мозовец-Подляс ойдуӊу менен агат. Негизги куймалары: Мухавец, Нарев (польшалык жана немистик айрым эмгектерде Буг Наревдин куймасы делинет). Чатынан 315 кмге чейин кеме жүрөт. Припять жана Неман дарыялары м-н каналдар аркылуу туташат. Боюнда Брест шаары орун алган.