БУДЁННОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 10 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУДЁННОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Октябрь айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун оӊ өйүзүндө, Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен737 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 8 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 3953 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, бала бакча, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.