БУДДА ИСКУССТВОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 10 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ДДА ИСКУССТВОСУ – Буддага байланыштуу байыркы жана орто кылымдын аралыгындагы ар түрдүү көркөм эстеликтер. Адегенде Индияда Будданын өмүрү жана иши тууралуу иконография салты, түрдүү символикалык образдар пайда болот. Будда курулушунун негизги типтери: илгери курулган үӊкүр храмдары (архитектура, скульптура жана сүрөт синтези катары), ступалар. Кытай, Япония жана Кореяда ар түрдүү типтеги жыгач храмдар, скульптуралык чакан чыгармалар, монумент скульптурасы ж. б. сүрөттөр Будда сюжеттеринде курулган. Индонезия менен Камбоджадагы пагодалар (касиеттүү таш мечит

Юнган тоосундагы храмдагы Будданын статуясы (Кытай). 450–545.

тер), Индия, Бирма жана Непалдагы монастырь комплекстери, Тибет, Монголия жана Бурятиядагы лама монастырларынын курулуштары – Будда искусствосунун мыкты үлгүлөрүнөн.