БУЖУМ
БУЖУМ – Баткен районундагы кыштак. Баткен айыл округуна караштуу. Ош – Исфана автомобиль жолунун боюнда, Төрткүл суу сактагычынын чыгыш тарабында, деӊиз деӊгээлинен 1140 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 5 км. Исфара (Тажикстан) темир жол бекетинен 27 км. Калкы 10479 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, чач тарач бар.