БУЙГА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 10 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙГА – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Чалма айыл округуна караштуу. Буйга суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 34 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 115 км. Калкы 1660 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.