БУЙЛАШ ХАН
БУЙЛАШ ХАН , Б у й д а ш х а н (16-кылым) – казак хандарынын бири (1533–38). Жаныбек хандын небереси. Маалыматтарга караганда 16-кылымдын 30-жылдары Казакстандын батышын Ахмет хан, борборун Тогум хан жана Жети-Суу аймагын (даректерде Моголстан деп аталат) Такыр хан башкарган. Такыр хан көз жумган соӊ (1533), Буйлаш бийликке келген. Анын 20–30 миӊдей аскери болуп, бийлиги кыргыздарга да тараган. «Тарих-и Рашидиде» Буйлаш хандын 1533–34-жылдары дүйнөдөн кайткан деп айтылса, айрым маалыматтарда Дербиш султан менен болгон согушта өлгөн деп да айтылып жүрөт.