БУКАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:02, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКАРА [ар. фукара – факир (бакыр, жарды, кедей) деген сөздүн көптүк санда айтылышы] – Октябрь революциясына чейин Орто Азия жана Казакстан элдеринде бир нече мааниде колдонулуп келген сөз. Асыресе, кыргызда ал мындай түшүнүктөрдү туюндурган: 1) бир мамлекетке же уруулук бирикмеге, ошондой эле бийлик ээсине (бекке, болушка, бай-манапка, ханга, падышага) караштуу калктын, уруу-уруктун, адамдардын жана жеке кишинин жалпы жонунан аталышы. Бул маанидеги «Букара» орусча «подданный» дегенге кээде, «вассал» дегенге жакын турган; 2) патриархалдык-феодалдык кыргыз коомунда бир чоӊ уруунун арасына кошулуп, ошол урууга (уруу башчысына) саясий-экономикалык жактан багынычтуу абалдагы бөтөн уруктун же уруу бутагынын өкүлдөрүн да Букара деп айтышкан; 3) кара күчү менен күн көргөн карапайым кишилерди, айрыкча кедей-кембагалдар менен жарды-жалчыларды Букара же кара Букара деп аташкан. Бирок 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башында кыргыз коомунда патриархалдык-феодалдык мамилелердин ыдырашына, таптык жиктелүүнүн тереӊдешине байланыштуу «Букара» дегендин мааниси бир кыйла кеӊейип, өзүнчө социалдык институтту туюндурган терминге айлана баштаган. Ушул маанидеги Букара – социалдык катмар, башкача айтканда материалдык байлыктарды өндүргөн, бирок саясий жана экономикалык жактан бай-манаптарга көз каранды абалда турган көпчүлүк эмгекчи эл. Демек, кыргыз элинин революцияга чейинки коомдук аӊ-сезиминде «Букара» деген сөз аркылуу коомдо карапайым калктын өзүнчө социалдык катмар катары айырмаланышы белгиленген; 4) Октябрь революциясынан кийин «Букара» сөзү белгилүү даражада саясий маани алып, жалпы эле кедей-кембагалдарга карата айтылган (к. «Букара» союзу). Совет бийлигинин алгачкы жылдарында «Букара» деген пролетариат маанисинде да пайдаланылган. Азыр ал тарыхый сөз болуп калды.


Ад.: Кыргыз ССР тарыхы. 1-т., Ф., 1974; Джамгерчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века (вторая половина). Ф., 1966.