БУКАРА 1
БУКАРА – Чүй облусунун Панфилов районундагы кыштак. Орто айыл округуна караштуу. Чоӊ Кайыӊды суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 946 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кайыӊды шаарынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1017 (2022); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.