БУКЛЕТ
БУКЛЕ́Т (англ. boоklet, сөзмө-сөз – китепче) – басмаканада басылып, чакан дептерче түрүндө бүктөлгөн бир барак текст. Ал кыскача жол көрсөткүч, проспект, шаар картасы, музей, эстеликтер, ЖОЖдор, тарыхый жайлар жөнүндөгү сүрөттөр, схемалар ж. б. менен кошо чыгарылат.