БУКТУРМА
БУКТУРМА – 1) душманды капысынан кыйратуу, колго түшүрүү, анын согуштук техникасын ойрондотуу үчүн аскер бөлүкчөсүнүн (же партизандардын) күн мурун даярданып, билинбегидей жашырынып жайланышы; 2) 16–17-кылымдардагы Орус мамлекетинин шаарларындагы буктурма воеводасы башында турган гарнизон; 3) 13–17-кылымдарда Орус армиясындагы согуштук тартиптин бөлүгү.