БУКТУРМА (дарыя)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БУКТУРМА 1 to БУКТУРМА (дарыя)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКТУРМА – Чыгыш Казакстандагы дарыя; Иртыштын оӊ куймасы. Узундугу 336 км. Алабынын аянты 12660 км2. Түштүк Алтай кырка тоосунун чыгыш жагындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Буктурма суу сактагычына куят. Негизинен мөӊгү, кар сууларынан жана булактардан куралат. Жылдык орточо чыгымы 214 м3/сек. Кеме жүрөт. Жээгинде Зыряновск шаары жайгашкан.