БУЛАК-СУУ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАК-СУУ МӨӉГҮСҮ Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталында. Корженевский мөӊгүсүн түндүк-батыштан тороп турган тоо тармагынын Чоӊ Алай кырка тоосуна тутумдашкан жеринен орун алган. Узундугу 5,2 км, аянты 3,3 км2, көлөмү 0,1 км3. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5300 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м. Куралуу облусу үч тарабы бийик беттер м-н курчалган төр. Этеги аяккы мореналар менен торолгон. Мөӊгүдөн Кызыл-Агын суусунун курамы – Булак-Суу башталат.