БУЛАНЖЕРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 11 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАНЖЕРИ́Т (фр. минералогу С. Л. Буланженин ысмынан) – татаал сульфиддерге кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Pb5 [Sb4 S11]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү каралжын боз, металлдай жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3,0. Салыштырма салмагы 6,2. Гидротермдик кендерде сульфиддер жана сульфантимониттер менен бирге кезигет. Буланжерит – 2-даражадагы коргошун кенташы.