БУЛГООЧУ ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:14, 13 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛГООЧУ ЗАТТАР – чөйрөнү булгаган ар түрдүү физикалык агенттер, химиялык заттар жана биологиялык түрлөр (негизинен микроорганизмдер). Жаралышы боюнча Булгоочу заттар табигый чөйрөнүн, антропогендик (адамзаттын чарбалык иш-аракетинин негизинде жана биринчилик (булгоочу булактан), экинчилик (биринчилик заттардын химиялык ажыроо реакцияларынан кийин), ошондой эле туруктуу (ажырабоочу) жана туруксуз болуп бөлүнөт. Бул заттар трофикалык (тамак-аш) тизмекке кирет. Көпчүлүк Булгоочу заттар (пестициддер, полихлордифенилдер, пластмассалар) табигый шартта өтө жай бузулат. Ал эми уулуу (токсиндүү) бирикмелер (сымап, коргошун) эч бузулбайт. Эгерде XX кылымдын 40-жылдары табигый заттар (пахта, жибек, жүн, самын, каучук, азык-түлүк ж. б.) басымдуулук кылса, бүгүнкү күндө алар синтездик заттар менен алмаштырылган. Синтездик заттар табигый чөйрөдө начар жана узак убакытта ажырайт, ошондуктан айлана-чөйрөнү булгоочулардын негизгилеринин бири болот. Буга синтездик кездемелер, кир жуучу заттар (детергенттер ж. б.), кошунду азык заттар, минералдык жер семирткичтер, синтездик каучук ж. б. кирет. Суу чөйрөсүндөгү Булгоочу заттардын негизин жеӊил ажыраган органикалык заттар (тиричиликте колдонулган суулар), кыйындык менен же такыр ажырабаган заттар (негизинен өнөр жайдан чыккан суулар), туздар (хлориддер, сульфаттар, нитраттар ж. б.) жана оор металлдардын (сымап, кадмий, коргошун ж. б.) бирикмелери түзөт. Айрыкча өтө булгоочуларга өнөр жай ишканалары – целлюлоза-кагаз (лигнин, майлар, фенолдор, сульфаттар), химиялык жана нефть-химиялык (фенолдор, нефть заттары, бенз(а)пирен, өлчөнгөн заттар, көп циклдүү ароматтык углеводдор) ж. б. кирет. Чөйрөнү өзгөчө булгаган заттарды айыл чарбасы пайда кылат (дүйнөдө болжол менен пестициддердин 1500 түрү бар). Айрым мамлекеттерде (АКШ, Германия, Канада, Япония, Россия) кээ бир заттарга чектөөлөр киргизилген. Эгерде бул заттар чөйрөгө чектелген көлөмдөн ашык жайылса, анда алар чөйрөнү булгаган Булгоочу заттар катары каралат. Азыркы учурда чөйрөнү булгаган негизги заттарга майда бөлүкчөлөр, күкүрт диоксиди, көмүртек кычкылы, суутектүү көмүртектер, азот диоксиди, коргошун ж. б. кирет.
Б. Үсөнканов.