БУЛУТ ӨЛЧӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 13 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛУТ ӨЛЧӨГҮЧ – булуттун төмөнкү жана жогорку чегинин бийиктигин өлчөөчү прибор. Ал асманга шар-зонд менен көтөрүлүп, булутка киргенде жана андан чыкканда жарык шооласынын өзгөрүшүн жана абадагы суу тамчыларын сезгич элементтүү радио бергич аркылуу жерге жиберет. Ал сигналдар жердеги байкоо пункту тарабынан кабыл алынат. Шар-зонддун бийиктик боюнча ылдамдыгы жана сигнал өзгөрүлгөнгө чейинки убакыт белгилүү болгондон кийин, булуттун бийиктиги эсептелип чыгарылат. Булут өлчөгүч метеорологияда колдонулат.