БУЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 13 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛЬ Джордж (2.11.1815. Линкольн – 8.12.1864, Ирландия, Баллинтемпл) – англиялык математик жана логик. Ал өзүнүн «Логиканын математикалык анализи», «Ой жүгүртүүнүн закондорун изилдөө» деген эмгегинде математикалык логиканын негиздерин киргизген. Анын көп сандаган эмгектеринде сунуш кылынган символдук логика аппараттарынын негизинде пайда болгон математика бөлүгү «Буль алгебрасы» деп аталып калды. Ошол эле учурда аны Б. Спинозанын этикасы, Аристотелдин жана Цицерондун философиялык эмгектери кызыктырган.
Ж. К. Асанов.