БУЛЬДОЗЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 13 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛЬДО́ЗЕР (англ. bulldozer) – 1) жер түзөтүүчү машина. Негизги иштөөчү органы – асма сүргүч калак, ал түртүүчү рама менен трактордун же өзү жүрүүчү шассинин кронштейнине бекитилет. Калак гидравликалык жабдуу аркылуу иш учурунда жерге түшүрүлүп, артка жүргөндө же жер которууда өйдө көтөрүлөт. Айыл чарбасында жер тегиздөө, кык чыгаруу, аӊ казуу жана толтуруу, канал, жол куруу, суу чарба курулуштарында колдонулат. 2) Тетикти ийүүчү, түзөтүүчү жана штамптоочу пресс.