БУРАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:31, 14 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАМА, в и н т – сайлуу бирикменин же бурамалуу кыймыл өткөрүүнүн сайы бар көзөнөктүү тетиги. Жуп буроого (шпилькага) же буроого буралган бириктирме бурама буроолуу бирикмени түзөт; формасы боюнча 6 кырдуу,

Бириктирме бурамалардын түрлөрү.

жумуру, кулактуу (гайки-барашки), таажылуу ж. б. түрдө болот. Жуп болуп иштөөчү күч менен же кадамдуу бурамалар, конструкциялык түйүнгө жараша ар кандай формада жана өлчөмдө жасалат. Айрым учурда эки бөлүктөн турган ажырама бурамалар колдонулат.