БУРАМАЧАП КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 14 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАМАЧАП КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5-кылымдарына таандык байыркы көрүстөндөр тобу. Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө Бурамачап деген жерде жайгашкан, ошол жердин атынан аталган. Бурамачап көрүстөнүнүн дөбөчөлөрүн алгач А. Н. Бернштам (1944), кийин окумуштуулар М. И. Москалёв (1983), Н. Г. Галочкина (1986) ж. б. изилдешкен. Изилденген бир нече көрүстөндөн чопо идиштер, жыгачтан жасалган буюмдар, оймо-чиймелүү кооз жасалгалар, курдун темир төӊөлүгү жана коло билерик табылган. Көрүстөндөрдөн ар түрдүү типтеги дөбө-мүрзөлөр кездешет. Мүрзөлөр казанактуу жана жөнөкөй. 1-көрүстөн 5 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,5–8 м, диаметри 10–30 м; 2-көрүстөндө эки башка типтеги 15 мүрзө эстеликтери бар. 1-тиби тик бурчтуу жана төрт чарчы таш курчоо (тосмо); 2-си төрт чарчы таш курчоо менен тосулган таш дөбө-мүрзөлүү дөбө-коргон; 3-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги 0,1–0,4 м, диаметри 4–9 м; 4-көрүстөн 23 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги 0,1–0,4 м. Диаметри 4–6 м; 5-көрүстөн 10 дөбө-мүрзөдөн турат, бийиктиги 0,1–0,4 м, диаметри 9мге чейин жеткен. Мында казуу, изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.