БУРГАВЕ
БУ́РГАВЕ , Б у р х а в е (Boerhaave) Герман (31.12.1668, Ворхаут, Лейденге жакын – 23.9. 1738, Лейден) – голландиялык врач, химик, ботаник, клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи клиникалык илимий мектепти негиздөөчү. Лейден университетинде теология, философия, математика жана химияны изилдеген; философия (1690) жана медицина (1693) илимдеринин доктору, Лейден университетинде медицина, ботаника (1709) жана химия (1718) боюнча профессор. Практикалык медицинага термометрди, лупаны жана оорунун майда-чүйдөсүнө чейин толук жазууну киргизген. Анын «Химия негиздери» (1–2-т., 1732) деген эмгеги белгилүү, ал китебинде алхимиктердин көз карашына каршы болуп, от, аба, суу жөнүндө окууну толук изилдеген. Ботаника боюнча көптөгөн эмгектери жарык көргөн, анын ичинен Лейден ботаника багынын каталогунда (1709) өсүмдүк түрлөрү сыпатталган жана классификациясы (1709) берилген.