БУРГАНАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 14 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГАНАК – кар аралаш шамал. Мындай шамал кар кыртышын учуруу менен болот. Бурганак кардын жаашы менен кошо жүрсө, борошо деп аталат. Эгер кардын кыртышы өтө эле кургак жана тыгыздыгы начар болсо, желаргыдан деле кардын майдаланып учушу байкалат. Бурганак автомобиль жана темир жолдорду, самолёт конуучу аянттарды карга толтуруп, жол катнашын начарлатат. Бурганак дөӊсөөлөрдөгү карды учуруп, ойдуӊдарга толтургандыктан, ал жерлердеги жер кыртышынын нымдуулугу ар кандай абалда (ойдуӊдар – өтө нымдуу, дөӊсөө жерлер – нымсыз) болуп, айыл чарбага зыянын тийгизет.