БУРГАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 14 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГА́С – Болгариянын чыгышындагы шаар. Бургас облусунун административдик борбору. Калкы 196,5 миӊ (2006). Кара деӊиздеги Бургас булуӊунун жээгинде жайгашкан. Өлкөдөгү ири деӊиз порту (2004-жылы 12,4 млн т жүк ташылган). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар катары 17-кылымдан белгилүү. 1903-жылдан порт. Шаардын борбордук бөлүгүндө 19–20-кылымдардын архитектура эстеликтери (Ыйык Кирилл ж-а Мефодий кафедралуу собору, бир топ чиркөө), Мандрен көлүнүн жээгинде орто кылымдагы чептердин калдыктары сакталган. Балык өнөр жайы илим-изилдөө институту, университет, музейлер, сүрөт галереясы, акын Пети Дубарованын үй музейи, китепканалар, театрлар, филармония иштейт. Жыл сайын эл аралык фестивалдар (театр, белгилүү ырлар), көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир («Гран при» сериясы) өткөрүлөт. Нефть ажыратуучу «ЛукойлНефтохим» (СССРдин жардамы менен 1963-жылы курулган; 1999-жылдан россиялык «Лукойл» компаниясына өткөн), кеме ремонттоочу, жеӊил жана тамак-аш өнөр жайлары бар. Вагондор, кабель, үйлөгүчтөр, химиялык каражаттар, курулуш материалдары, канцелярия товарлары чыгарылат. Бургастан 15 км түндүк-батышта бальнеологиялык-баткак курорту, шаарга жакын токой парктары жана табият резерваттары, Айтос Фракия тургун жайынын калдыктары (5–6-кылым), Ыйык Анастасия аралында Византия монастыры бар. Шаардын аймагындагы деӊиз климаттык курорттору: Ахтопол, Несебыр, Поморие, Созопол, Күнөстүү Жээк.