БУРГУЛОО КУРУЛМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 14 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КУРУЛМАСЫ – негизинен бургулоодо, көзөнөкчөлөрдү бекитүүдө, өзөк казылмаларды курууга арналган машина менен механизмдердин комплекси. Бургулоо курулмасы кен чалгындоодо, нефть, газ, жер астындагы сууларды иштетүүдө, тереӊдиктерди монтаждык ыкма менен геологиялык изилдөөдө пайдаланылат. Курулма ажыратылма жана ажыратылбоочу болуп бөлүнөт. Ажыратылма Бургулоо курулмасы (кесек блоктуу жана майда блоктуу) 2000–10000 мдик көзөнөкчөлөрдү бургулап

Бургулоо курулмасы:
1 – мунара; 2 – көтөргүч-чыгырык; 3 – айланма; 4 – бургулоо лебёдкасы;
5 – электр м-н иштөөчү насос; 6 – кошумча лебёдка; 7 – ротор;
8 – пнемоачкыч; 9 – кабыл алгыч көпүрөчөлөр; 10 – пневмокомпрессор;
11 – электр бөлүштүргүч; 12 – циркуляция системасы;
13 – эритме даярдалуучу жай; 14 – күчөтүнасосу; 15–16 каптама жана бургулоо түтүктөрү; 17 – долото; 18 – көтөрмө системасы.

көзөөдө колдонулат. Кесек блоктуу Бургулоо курулмасы өзү жүрбөөчү атайын шасси (оор жүк ташуучу), майда блоктуу курулма – универсал транспорт (мисалы, автомобиль, авиация) менен ташылат. Ажыратылбоочу Бургулоо курулмасы – өзү жүрмө жана алып жүрмө болуп бөлүнөт. Өзү жүрмө Бургулоо курулмасы транспортко (автомашинага, тракторго, өзү жүрмө курулмага, бургулоо кемесине) туруктуу орнотулуп, ал эми алып жүрмө курулма сүйрөп жүрмө транспорттор менен ташылат.