БУРКИНА-ФАСО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 15 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРКИНА́-ФАСО́, Б у р к и н а - Ф а с о Р е с п у б л и к а с ы (1984-жылга чейин Жогорку Вольта Республикасы) – Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Мали,

түндүк-чыгышынан Нигер, түштүк-чыгышынан Бенин, түштүгүнөн Того, Гана, түштүк-батышынан Кот-д Ивуар мамлекеттери менен чектешет. Аянты 274,1 миӊ км2. Калкы 21,0 млн (2021). Борбору – Уагадугу шаары. Расмий тили – француз тили. Административдик-аймактык жактан 45 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы.


Таблица бар.

Буркина- Фасо – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 2-июнда 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук жыйналыш жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Демократия жана прогресс Конгресси, Африкалык демократиялык биримдик, Социалисттик партия ж. б.
Аймагынын басымдуу бөлүгүн плато ээлейт. Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 200–500 м, эӊ бийик жери Тена-Куру (749 м) тоосу. Климаты субэкватордук; үч мезгилге бөлүнөт: суук, кургак мезгил ноябрдан майга чейин; ысык, кургак – марттан майга чейин; ысык, нымдуу мезгил жылдын калган бөлүгү. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден 1100 ммге чейин, ал түштүк-батыштан түндүккө жана түндүк-чыгышка карай азаят. Марттан майга чейин чөлдөн соккон харматан ысык шамалы кургакчылыкты күчөтөт. Айлык орточо температурасы декабрь – январда 24°–26°С, апрель – майда 30°–35°Сге чейин өзгөрөт. Уагадугу шаарынын марттагы орточо температурасы 41°Сге чейин жетет. Аймагынын басымдуу бөлүгү Вольта дарыясынын алабына кирет. Ири дарыялары: Кара (Мухун), Ак (Накамбе) жана Кызыл (Назинон) Вольта. Кара Вольта дарыясында кеме жүрөт, кышында кургап, жайында жайылып агат. Кен байлыктары: акиташ, мрамор, марганец, жез, никель, фосфорит, боксит, цинк, коргошун, күмүш, алтын. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүндө бийик тоолуу саванна өсөт. Кээ бир жерлеринде акация жана бадалдардан турган токой кездешет. Токой өлкөнүн 9%ин ээлейт. Жалпы аянты 3,14 млн га (2005) болгон коргоого алынган 13 табыйгый аймагы бар, анын ичинде Каборе-Тамби жана Дубль-Ве улуттук парктары уюштурулган.
Эли негизинен нигер-кардофан (гур ж-а манде) тилинде сүйлөшөт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 43,4 киши. Өлкөдөгү элдердин жарымы моси тобундагылар. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 47, аялдарыныкы – 49 жаш. Ислам (50% мусулмандар) жана христиан (10% католиктер) диндерин тутат.
Буркина-Фасонун аймагында алгачкы мамлекеттердин пайда болушу 13–14-кылымдарга таандык. 11-кылымда түндүк-батыштан моси уруулары көчүп келип, жергиликтүү урууларды багындыруу менен өз мамлекетин негиздешкен. 13–14-кылымдардан Уагадугу, Ятенга, Тенкодого жана Фадан-Гурма мамлекеттери өкүм сүргөн. 17-кылымда саясий бытырандылык күч алган. 18-кылымдын башында ислам дини тарай баштаган. 1895-жылы Буркина- Фасонун аймагына француз аскерлери басып кирип, 1897-жылы Буркина-Фасо Жогорку Вольта деген ат менен француздук Батыш Африканын курамына киргизилген. 1904-жылы Буркина-Фасо Франциянын Жогорку Сенегал-Нигер колониясына кошулган. 1919-жылы француздук Батыш Африканын курамындагы өзүнчө административдик бирдик болуп түзүлгөн, 1932–47-жылдары башка француз колонияларынын бир бөлүгү болуп турган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Буркина-Фасонун аскерлери Франция тарабында фашисттик коалицияга каршы согушкан. 1947-жылы Франциянын «деӊиздеги алыскы аймагы» катары статус берилип, азыркы чек арасы белгиленген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Буркина-Фасодо улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1958-жылы Буркина-Фасо Француз Коомдоштугуна мүчө мамлекет статусун (өлкө «автономиялуу республика» аталган) алган, 1960-жылы 5-августта көз карандысыз мамлекет болуп жарыя-

ланган. 1960-жылы жаӊы конституциясы кабыл алынып, ага ылайык Буркина-Фасо француз коомдоштугунан чыккан. 1961-жылы өлкө Африка-Малагаси союзуна (1970-жылдан Жалпы Африка Малагаси-Маврикия уюму) кирген. Өлкөнүн алгачкы президенти М. Ямеого өлкөдөгү саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Өкмөткө каршы жапырт чыгуулардан кийин, 1966-жылы январда подполковник С. Ламизана мамлекет жана өкмөт башчысы болуп калган. Конституция колдонулбай, саясий партияларга кайрадан тыюу салынган. 1971-жылдын февралынан президенттик посту ээлеген Ламизана 1974-жылы февралда конституцияны жокко чыгарып, парламентти таркатып, жаӊы өкмөттү башкарып калган. 1978-жылы жаӊы конституция күчүнө кирген. 1979–80-жылдарда өкмөткө каршы кыймылдардан кийин 1980-жылы ноябрда полковник Сайе Зербо Ламизананы бийликтен четтетип, Аскердик кеӊештин башчысы катары өлкөдөгү жогорку бийликти өз колуна алган. 1982-жылы Аскердик төӊкөрүштүн жүрүшүндө Зербо бийликтен кетип, майор Уэдраго жетектеген элдик сактап калуу кеӊеши бийликти ээлеген. 1984-жылы 4-августта болуп өткөн кезектеги төӊкөрүштөн (Т. Санкара бийликке келген) кийин өлкөнүн аталышы Жогорку Вольта Республикасынан Буркина-Фасо («Адал адамдар эли») деп өзгөртүлдү. 1987-жылы кайрадан төӊкөрүш болуп, аны жетектеген Б. Компаоре Буркина-Фасонун жаӊы президенти болуп калган. 1991-жылы 11-июнда жаӊы конституция кабыл алынган, 1997-жылы ага өзгөртүүлөр киргизилип, анда президентти жаӊы мөөнөткө шайлоо укугу берилген. 2005-жылы 13-ноябрдагы шайлоодо Б. Компаоре кайрадан президент болуп шайланган. 2015-жылдын 29-ноябрындагы президенттик шайлоодо Рок Марк Кристиан Каборе жеңген. 2020-жылы кайрадан президенттик шайлоодо 57,87% добушка ээ болуп, ишин уланткан.
Буркина-Фасо – агрардык өлкө. ИДПнын көлөмү 14,34 млрд (2018) долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1200 доллардан (АКШ) туура келет. ИПДде айыл чарбасынын үлүшү 39,5%, өнөр жайыныкы 19,3% (2004). Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чарбачылыгы. Пахта, жер жаӊгак, май берүүчү пальма, бал камыш, ак жүгөрү өстүрүлөт. Дарыяларынан балык кармалат. Пахта тазалоочу, булгаары-бут кийим, текстиль өнөр жайы бар. Өлкөдө сымап, марганец, алтын, фосфор, никель, мрамор казылып алынат. 2003-жылы 375,6 млн кВт.с электр энергиясын өндүргөн. Сыртка пахта, жер жаӊгак, мал (тирүүлөй) жана мал продукциялары чыгарылат. Сырттан химия жана оор машина куруу өнөр жайына керектүү продукцияларын, транспорт жабдууларын, тазаланган нефть продуктуларын, азык-түлүктөрдү алат. Автомобиль жолунун узундугу 12,5 миӊ км, темир жолунуку – 622 км. Негизги соода шериктештери: Франция, Кот-д,Ивуар, Кытай, Сингапур, Гана, Бангладеш, Того.
Бардык окуу жайлары негизги жана жогорку билим берүү министрлигине карайт. Азыркы билим берүү системасы француз модели менен түзүлгөн. Уагадугу, Бобо-Диуласо шаарларында университет, илим-изилдөө институттары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Телекөрсөтүүсү 1963-жылдан иштейт. Күн сайын чыгуучу мезгилдүү 4 гезит, жума сайын 20 жана ай сайын чыгуучу мезгилдүү басылмалар бар. Адабияты 1930-жылдан француз тилинде өнүгө баштаган. 1960-жылдарда драматургия жанры өнүккөн. 1990-жылдарда социалдык-турмуштук романдар пайда болгон. Байыр-

Бобо-Диуласо мечити.

кы искусство эстеликтери – аскадагы сүрөттөр сакталып калган. Архитектурада чоподон салынган чатыры жалпак мечиттер жана чоӊ пирамида сыяктуу жыгач устундар аркылуу бекитилген мунаралар сакталган (Уагадугу, Бобо-Диуласо).


Ад.: Радченко Г. Ф. Страны Сахеля. М., 1983; Авдюнина Л. А. Буркина-Фасо: Справочник. М., 1992; Страны Африки 2002. М., 2002.