БУРЧ
БУРЧ – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геометриялык фигура. Шоолалар Бурчтун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки Бурчтун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар Бурч (конгруэнттүү) болот. Бурч градус же радиан менен ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып жана жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш Бурч деп аталат. Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль Бурч болот. Вертикаль Бурчтар өз ара барабар ( 1 ж-а 2, 3 ж-а 4). Эгер Бурч өзүнүн чектеш Бурчуна барабар болсо, анда ал тик бурч делет. Бурчтун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган Бурч. Тик бурчтан кичине Бурчтар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган Бурчтан кичине Бурч кеӊ Бурч болот. Кандайдыр конустук бет менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк Бурч деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу Бурч болот.
Э. Канетов.