БУУ БАЛКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ БАЛКАСЫ – металлды согуп чыӊоого арналган кубаттуу урма механизм. Дөшүнүн милдетин аткарган, массивдүү рамага коюлуп, тик орнотулган буу цилиндринен турат. Цилиндрге буу поршендин каалаган жагынан берилиши мүмкүн, ал эми балка поршендин сабынын төмөнкү учуна бекитилет. Балка өйдө көтөрүлөт да, чоӊ ылдамдык жана зор күч менен төмөн карай катуу түртүлүп, металлды урат. Буу балкасы абдан так башкарылгандыктан, керек учурда өтө акырын урганга мүмкүндүк берет.