БУУ МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ МАШИНАСЫ – суу буусунун потенциалдык энергиясын механикалык энергияга айландыруучу поршендүү жылуулук кыймылдаткыч. Буу машинасында буу казанынан келүүчү суу буусунун энергиясы поршендин алга-артка жүрүү кыймылын же валдын айлануу кыймылын пайда кылат. Цилиндрдин ичиндеги поршень, анда 2 көӊдөй көлөмдү пайда кылып, алардын биринде буу кысылат, экинчисинде буу кеӊейет. Кысылган буу поршенди жылдырып, ага бекитилген шатун аркылуу машинаны кыймылга келтирет. Буу машинасы туруктуу жана көчмө түрүндө болуп, пайдаланылган бууга жараша төмөнкү (12 кг/см2ге чейин), орто (60 кг/см2ге чейин) жана жогорку басымдуу (60 кг/см2ден ашык); валынын айлануу саны боюнча жай (50 айлануу/минга чейин) жана тез жүрүүчү; чыгарылуучу буунун басымына карата конденсациялуу жана атылып чыкма; цилиндринин жайгашканына карата горизонталдык, жантык жана вертикалдык; цилиндринин саны боюнча бир жана көп цилиндрлүү деп бөлүнөт. Буу машинасы суу жана темир жол транспортунда, кант заводдорунда, ширеӊке, текстиль жана кагаз фабрикаларында колдонулат.