БУУ МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ – жогорку температурадагы суу буусун өткөрмө түтүктөр (буу өткөргүчтөр) аркылуу жылыткыч жабдыктарга берип жылытуу системасы. Ал борбордук жылытуунун бир түрү. Буу менен жылытуу системасында жылыткыч жабдыкта буу конденсацияланган кезде (буу каныкканда) суу пайда болуудан жылуулукту бөлүп чыгаруу касиети колдонулат; пайда болгон конденсат (каныкма) конденсат-өткөргүч аркылуу борбордук жылытуу тармагына же жылытылуучу имаратта жайгашкан буу казанына кайтарылат. Анда иштетилген (мисалы, буу машинасынан, буу барасынан ж. б. жабдыктардан чыккан) буу да колдонулушу мүмкүн.