БУУЛУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУЛУМ – 1) кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кездеменин бир түрү. «Манас» эпосунда: «Барча, буулум, дүрүйө, баасы кыйын дүнүйө» деп айтылат. 2) Кийимдин аталышы. Ичи суусар ж. б. баалуу терилер менен ичтелип, Буулум менен тышталган, жеӊил, жылуу ичик же тон тигилгендиги жоромолдонот. «Каныкей, буурулду берчи – минейин, буулумду берчи – кийейин», – деген саптарда Буулумдан тигилген кийим да Буулум деп аталары айгинеленет.