БУУРУЛ ТҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУРУЛ ТҮН – кечки иӊир түшүп турган менен эртеӊ мененки таӊ заары дал келип, түн бою күүгүм түшүп турган жарык түн. Буурул түн жайдын саратан учурунда (22-июнда) Түндүк Жарым шардын 59°5'. кеӊдигинен түндүккө карай жана кыш чилдесинде (22-декабрда) Түштүк Жарым шардын ушундай эле градусундагы кеӊдиктен түштүктү карай жайгашкан жерлерде байкалат. Буурул түндүн узактыгы ар кандай болот: Санкт-Петербургда 11-июндан 2-июлга, Архангельскиде 13-майдан 30-июлга чейин созулат.