БУХАНЦЕВ
БУХА́НЦЕВ Кирилл Иванович (17.7.1919, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Cуу облусу, Пишпек уезди, (азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району), Лебединовка айылы – 23.9.1984, Фрунзе шаары) – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган.

1941-жылдын июнь айынан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Взвод командиринин орун басары болгон. Түштүк-Батыш, Батыш, 1- жана 2-Украин фронтторунун курамында согушкан. Согуш аяктаган соӊ Бишкек шаарында эмгек жолун уланткан. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.