БУХАРА – ГАЗЛИ НЕФТЬ-ГАЗ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРА́ – ГАЗЛИ НЕФТЬ-ГАЗ РАЙОНУ – Өзбекстандын батыш бөлүгүндө нефть-газ кендери жайгашкан ири аймак. Кен Аму-Дарыя өрөөнүндө, мезозой заманында жаралган чөкмө тоо тектерде жатат. Арасында мергель катмарлары бар акиташ тектеринде нефть менен газ топтолгон. Нефть, газ кендери: Газли, Шорчи, Ак-Жар, Жаркак, Кароол-Базар, Сары-Таш, Зекры, Шор-Дөбө, Түндүк Мубарек, Түштүк Мубарек, Кара-Баир, Карактай ж. б. Алардын ичинен ириси – Газли нефть-газ кени. Андагы газ запасы 500 млрд м3, нефтиники 5 млн т га жакын. Кендерден чыккан нефтиден жогорку сапаттуу керосин, дизель майы, реактивдүү отун (Шор-Дөбө, Түштүк Мубарек) алынат. Райондун газы Урал, Түштүк Казакстан, КМШнын борбордук бөлүгүнө – Бухара – Урал – Борбор газ кууру, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстанга Бухара – Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууру аркылуу жиберилет.