БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ОТЧЁТТУУЛУК
БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ОТЧЁТТУУЛУК – чарба каражаттары, алардын булактарынын жана ишкананын (уюм, мекеме, фирма) жумуш жыйынтыгынын ал-абалын аныктоочу көрсөткүчтөр системасы. Ал ишкананын, уюмдун, мекеменин чарбалык эсебинин негизинде түзүлөт. Бухгалтериялык отчёттуулук мезгилдүү, айлык, кварталдык жана жылдык болуп ажырайт. Мезгилдүү жана жылдык отчёттуулук көлөмүн жана формасын жыл сайын борбордук статистика башкармасы бекитет. Бухгалтериялык отчёттуулук жогорку жетекчи уюмдарга, кредиттөөчү, финансылоочу, мамлекеттик банк уюмдарына, борбордук статистика башкармасына, анын жергиликтүү уюмуна, жергиликтүү финансы органдарына тапшырылат. Финансы органдары отчёт маалыматтарынын негизинде ишкананын чарба ишин анализдеп, эсептешүү абалын тактайт да, пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрдү аныктайт.