БХОПАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 16 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БХОПА́Л – Индиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар, Мадхья-Прадеш штатынын административдик борбору. Калкы 1,7 млн (2011). Жасалма эки көлмөнүн жээгинде жайгашкан. Темир жол тоому (Дели, Мумбаш, Нагпур шаарлары менен байланышкан). Аэропорту бар. Шаар жөнүндөгү алгачкы маалымат 11-кылымга таандык. Мечиттер, университет, коллеждер (инженердик, токой чарба, медицина ж. б.), музейлер (археологиялык, улуттук), оор энергетика жабдуулар заводу, химия, кебез-кездеме, тамак-аш, металл иштетүү өнөр жай ишканалары, кол менен кездеме токуу өндүрүшү иштейт. Зер буюмдар жасалат.