БЫДГОЩ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:33, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫДГОЩ – Польша Республикасындагы шаар. Висла дарыясындагы порт. Куявск-Поморский воеводствосунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 364,3 миӊ (2011). Ири жолдор тоому. Висла дарыясынын сол жээгиндеги деӊиз порту. Аэропорту бар. Машина куруу, химия, тамак-аш, жеӊил өнөр жайлары бар. 15–16-кылымдарда курулган үйлөр жана чиркөө сакталган. 1346-жылы негизделген. Быдгощ – өлкөнүн илимий жана маданий борбору. Университет, академиялар (медицина, технология, айыл чарба, музыка), илимий коомдор, калк китепканасы, музейлер, театрлар, филармония иштейт. Эл аралык фестивалдар (музыка, опера ж. б.) өткөрүлүп турат.