БЫКОВ Василий Владимирович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:45, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЫКОВ 1 to БЫКОВ Василий Владимирович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫКОВ Василь (Василий Владимирович) (19. 6.1924, Витебск облусу, Умшач району, Бычки кыштагы– 22. 6. 2003, Минск) – жазуучу, Беларусь эл жазуучусу (1980), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1974), Лениндик сыйлыктын (1986), Элдик адабият фонду сыйлыгынын лауреаты (1997). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Анын чыгармаларынын негизги темасы – согуш болгон. «Адамдын өлүмү» (1967), «Жыйырманчы» (1958), «Турналар үнү» (1960), «Үчүнчү ракета» (1962), «Круглянск көпүрөсү» (1969), «Сотников» (1970), «Обелиск» (1973), «Барып кайтпай калуу» (1978), «Кайгынын белгиси» (1982) повесттеринде согуш жылдарындагы адамдын жүрүм-турумун, адеп-ахлак маселелерин чагылдырган. Соӊку жылдары «Катюша», «Политрук Коломиев» (1999) аттуу чыгармалары жарык көргөн. Ленин ордени менен сыйланган.