БЫТАНТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫТАНТАЙ – Якутиядагы дарыя, Яна дарыясынын сол куймасы. Узундугу 586 км, алабынын аянты 40,2 миӊ км2. Жогорку Яна кырка тоосунун чыгыш капталынан башталып, басымдуу бөлүгү анын тармактары аркылуу агып өтөт. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Суусунун жылдык орточо чыгымы Асар кыштагы тушта 148 м3/сек. Сентябрдын аягынан майдын ортосуна чейин муз каптайт. Негизги куймалары: Бильлях, Тэнки (оӊ), Хобол, Аччыгый-Саккырыр, Улахан-Саккырыр, Кулгага-Суох (сол). Бытантайдын алабында жалпы аянты 140 км2 болгон 2 миӊден ашык көл бар. Чатынан 120 км аралыкка чейин кеме жүрөт.